"Айыл банк" жана "РСК банк" аркылуу ишкердик субъектилерди каржылоо долбоору боюнча иштер уланууда. Жеңилдетилген насыя өндүрүшкө, азык-түлүк жана аны кайра иштетүү багытына, ишмердүүлүгүн медициналык каражат чыгарууга өзгөрткөн ишканаларга берилип келет. Ал ортодо пандемия учурунда жабыр тарткан кардарлардын насыялары боюнча жеңилдиктер көрсөтүлүүдө.