Жаңылыктар
Табылды Эгембердиев эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Табылды Эгембердиев эскерилди

“Супара” этнографиялык комплексинде коомдук ишмер, публицист Табылды Эгембердиевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага чогуу жүргөн санаалаштары, жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият министри жана экс-президент Роза Отунбаева катышты. 

Чогулгандар Эгембердиевге кыргыздын улуттук салтын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, анын эстелигине гүл коюшту. Андан сырткары анын кылган иштери, жетишкендиктери жана жашоодогу мүнөзү тууралуу сөз болду. 

Бул инсан улуттук суусундуктарды чыгаруучу “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, борбордун чет жакасындагы “Супара-1” жана “Супара-2” этнокомплексинин түзүүчүсү болгон.