Жаңылыктар
Улуттук банк Кыргызстандагы коммерциялык банктарга насыя берет - Кыргызстан жаңылыктары
Экономика
Улуттук банк Кыргызстандагы коммерциялык банктарга насыя берет - Кыргызстан жаңылыктары

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс натыйжаларды жөнгө салуу максатында Улуттук банк Кыргызстандагы коммерциялык банктарга 1 млрд сом суммасында насыя берет. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды. 

Анда айтылгандай, насыя 19-июнда аукцион аркылуу таратылат. Аукциондун көрсөткүчтөрү дагы аныкталмакчы. Кошумча каржы алган банктар аны ишкердик субъектилерди насыялоого, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга жумшашы керек. Учурда Кыргызстанда 23 банк, ал эми чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания болуп саналат.