Жаңылыктар
Кара-Кужур жайлоосу. Жайыт талаш маселеси курчуду - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кужур жайлоосу. Жайыт талаш маселеси курчуду - Кыргызстан жаңылыктары

Нарын районунун тургундары менен Кочкор районунун жашоочулары ортосунда жайыт талаш көйгөйү күчөдү. Талашка түшкөн Кара-Кужур өрөөнүнө эки райондун малчылары батыша албай, ызы-чуу менен коштолду.

Нарын ОИИБ маалымат кызматы билдиргендей, 14-июнда Кочкор районундагы Кара-Кужур аймагында жайыт маселесин чечүү үчүн жергиликтүү тургундар чогулушкан. Коомдук тартипке көзөмөл кылуу үчүн жерине 200дөн ашык милиция кызматкери барган.

"Эч кандай тартип бузуу фактылары болгон жок, бүгүнкү күндө абал туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Нарында жайыт чыры токтой элек. Буга чейин Нарын районунун тургундары да жайыт талашып, анын видео, сүрөттөрү соцтармакка тараган.