Жаңылыктар
Көк бөрү тууралуу тасма тартылды - Кыргызстан жаңылыктары
Маданият
Көк бөрү тууралуу тасма тартылды - Кыргызстан жаңылыктары

Netflix көк бөрү тууралуу тасма тартты. Дүйнөгө белгилүү компания ар кайсы өлкөлөрдүн өзгөчөлүү жана кооптуу спорт оюндары тууралуу тасма тарткан. Анын ичинде көк бөрү да бар. “Home Game” тасмасынын трейлери компаниянын сайтында жайгаштырылган. 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы тасманын ар бир сериясы ар бир өлкөнүн улуттук спорт оюну менен маданиятына арналгандыгын билдирди. Аталган фильмдин трейлери даяр болду. Кадрдан бизге тааныш эмес ар кыл өлкөлөрдүн оюндары туурасында, алардын арасынада көк бөрүнүн элементтерин көрүүгө болот. Андан сырткары улакчынын маек берип жатканы жана "аны көрүш керек" деп кыргыз тилинде сүйлөгөнү угулат. Аталган агенттик фильмди Кыргызстандын аймагынан тартууга чыгармачыл топко көмөктөшүп, жардам көрсөткөн. Анын алгачкы бет ачары 26-июнда болору айтылды.