Жаңылыктар
Европаны суу каптады
Дүйнө
Европаны суу каптады

Европада жааган нөшөрлүү жамгыр суу каптоого алып келди. Буркаш-шаркан түшкөн суу агымынан Германия менен Франциянын жашоочулары жабыр тартууда. Борбор калаадагы тургундар коопсуз аймактарга көчүрүлүүдө. Арасында дайынсыз жоголгондор дагы бар. Чыгымдардын суммасы он миллиондогон евро деп бааланууда. 

Германиянын Бавария аймагындагы суу каптоонун кесепетинен каза болгондордун саны 5 адамга жетти. Миңдеген турак жай жарыксыз калды. Суу каптоого токтобой жааган нөшөрлүү жамгыр себеп болду. 



"Жардамдар кеч жетти. Ушул суу каптоодо каза болгон тургундарды терең кайгыруу менен эскеребиз. Азыр менин оюмдун бардыгы - жоготууга туш болуп, айласы кетип турган ушул адамдарда, алардын үй бүлөсүндө болуп жатат" - дейт Германиянын канцлери Ангела Меркель. 

Ошондой эле, бир топ адам дайынсыз жоголгону кабарланды. 

Зимбах-ам-Инн аймагында жашаган тургундар суунун агымы өтө тез ылдамдыкта келгенин, көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарын беш минутта каптап киргенин айтышууда.

Германия бийлигинин маалыматы боюнча, Австрия менен чектешкен алыс эмес аймактан жалпысынан 160 чарчы километр жерди суу каптады. Табийгат кырсыгынын зыяндык көлөмү миллиондогон евро деп эсептелүүдө. Аймакта нөшөрлөгөн жамгыр дагы эле токтой элек. 

Буркан шаркан түшкөн суу Парижди дагы каптады. Бир топ күн тынбай жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен дарыялардагы суу ташкындаган. Айрым шаарлардын көчөлөрүн каптаган суунун бийиктиги 1 жарым - 2 метрге чейин жетет. Париждин түштүк аймагы өзгөчө жабыркады. Ал жактан жашоочулар эвакуацияланууда. 

Полициянын маалыматы боюнча, жалпысынан өлкөдө 5,5 миңден ашык жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Париждин борборундагы Сена дарыясында суунун денгээли 5 метрге чейин көтөрүлдү. Метро иштебей калды. Лувр жабылды. Андагы искусство баалуулуктары жогорку кабатка ташылууда. Маалыматтар боюнча, жамгыр дем алыш күндөрүнө чейин басылчудай эмес.