Жаңылыктар
Кумтөрдөгү акыркы кырдаалдар
Экономика
Кумтөрдөгү акыркы кырдаалдар

Бишкек шаардык райондор аралык соту бүгүн айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Кумтөр компаниясына койгон доо-арызын карады. Агенттик ишкананын жаратылышка келтирген зыяны үчүн 15 жарым млрд сом өндүрүү ниетин билдирген. 

Бул арада Центтера Голд ишканасы тоо-кен ишканасынын тегерегиндеги талаштарга байланыштуу кыргыз өкмөтү менен эл аралык арбитраждык сотто териштирүү жүргүзөрүн жарыя кылды.

Кумтөргө каршы түшкөн эки арыздын бирин мамлекеттик экотехинспекция берип, ишкананын экологияга келтирген зыяны 7 млрд сомго бааланган. 

Сот мамлекеттик мекеменин арызын канааттандырган болчу. Мына ушундан кийин канадалык компания Кумтөргө байланыштуу чыккан маселелерди эл аралык арбитражда териштирерин жарыя кылды. Кыргыз өкмөтү Центеррадан бул боюнча кат келип түшкөнүн тастыктап, инвесторлордун кадамы иликтенип жатканын билдирди. 

Кыргыз тарап «Центерранын» башка акционерлери сыяктуу эле финансылык ачыктыктын, учурдагы жана келечектеги экологиялык жана тоо-техникалык маселелердин комплекстүү чечилүүсүнүн негизинде «Кумтор» долбоорунун туруктуу жана натыйжалуу иш алып баруусуна терең кызыкдар.

Экинчи арыз айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен түшүп, мамлекеттик мекеме ишканадан жаратылышка келген зыян үчүн 15 жарым млрд сом өндүрүү ниетин билдиришкен. Өкмөт буга чейин талаштарды сотко жеткирбей эле чечүүнү сунуштаган экен, бирок ишкана жетекчилери буга көңүл бурушкан эмес. 

Албетте чет элдик инвесторлор коюлуп жаткан доо-арыздарды мойнуна алышкан жок. Дагы деле 2009-жылы Бакиевдердин убагында кол коюлган келишимдерге таянып, бардык айыптарды четке кагууда. 

Адистердин айтымында, алтындын негизги кору Давыдов мөңгүсүнүн астында болгон. Тоо-кен ишканасы бул мөңгүнү казып, чыккан калдыктарды Чоң-Сары-Төр деген сайдын ичине толтуруп жатышат. 

Серепчилер Кумтөр компаниясы Давыдовдун үстүңкү катмарынан 400 тонна алтынды казып алганын айтып, астында дагы 300 тоннадан ашык алтын бар дешет. Бирок ишкана тоо-кен технологияларын туура сактабай, эреже бузулгандыктан калган кенди казып алууга эми мүмкүн эмес. Экологияга келген зыяндын көлөмү эми күн санап өсөт деген божомолдор бар. 

Адистер ушунча көлөмдөгү экологиялык зыян, чет элдик инвесторлордун кайдыгер мамилесинин өзү эле кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко алып барууга түрткү болгон жагдай экенин айтышат. Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто утулуп калат деген айрымдардын пикири суу кечпей турганын белгилешет. 

"Экотехинспекция сотко экологиялык зыян үчүн кайрылды. Сот болсо Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды. Биз ар кандай соттордон коркпошубуз керек, ошол эле Гаага сотунан. Анткени бул жерде сөз экология жөнүндө болуп жатат. Эл аралык соттор дагы айлана-чөрөнү коргоого өзгөчө көңүл бурушат жана аны бузгандарга ири суммадагы айыптарды салышат. Европада “Гринпис” аттуу таасирдүү уюм бар. Алар эл аралык сотто экология маселеси каралса дароо жетип келишет, ошолордун кеп-кеңешин пайдалансак болот. Эгер биз Центерра менен үлүштү бөлүшө албай жатсак анда утулуп калабыз деп корксок болот эле" - дейт Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев.

Бүгүн болсо Бишкек шаардык райондор аралык сотунда айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин арызы каралып, Кумтөр оперейтинг компанинин өкүлдөрү судьяны алмаштыруу маселесин койду. Бирок сот өтүнүчтү четке какты. 

Кумтөр 7 млрд сомдук айып пул үчүн эле Кыргызстанды эл аралык сотко берерин айтып коркутуп жатат. Эгер Бишкек шаардык райондор аралык соту айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин арызын канаттандырса, анда Центерра биздин өлкөгө дагы 15 млрд сомдон ашык акчаны экологиялык зыян үчүн төлөп бериши керек. 

Эксперттер болсо Кумтөрдүн Кыргызстандагы дээрлик 25 жылдан берки ишинде экологиялык жана экономикалык жактан келтирген зыяны мындан жүз эселеп көп турарын айтышууда. Андыктан эл аралык соттор менен мамлекетти коркутуунун кереги жок, адистер өкмөттүн койгон талаптарында сотторду утуп чыгууга негизделген фактылар жетиштүү экенин эскертишүүдө.