Жаңылыктар
Экотехинспекциясы санарип технологиялар менен иштей баштады - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Экотехинспекциясы санарип технологиялар менен иштей баштады - Кыргызстан жаңылыктары

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы санарип технологиялар менен иштей баштады. Май айында документ жүгүртүү жана бардык кызмат кылуу түрү электрондук форматка өткөн. 

Мындай заманбап ыкма менен иш алып баруу Экотехинспекциянын жумушун жакшыртып, өзгөчө аймактардагы башкармалыктардын ишин жеңилдеткен. Санарип ыкма жемкорлук тобокелчиликтерге бөгөт коюп, жарандардын кайрылуусун тез арада чечип берүүгө өбөлгө түзөт. Бул тармак “Түндүк” электрондук борборлоштурулган тутумуна кошулду.