Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жооптору толугу менен сканерленди
Билим
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жооптору толугу менен сканерленди

Чогултулган маалыматтар банкка сактоого берилди. 

Эгер кимдир бирөө тесттин жыйынтыгына канааттанбаса Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна келип текшере алат. 

Мындай аракеттер коомчулукка ачык-айкын маалыматтарды берүү максаттында көрүлүүдө.  

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору директору Инна Валькова буларды кабарлайт:

"Коомчулук тарабынан Жалпы  республикалык тестирлөөгө түрдүү сын пикирлер айтылып келет. Мындай  ишенбөөчүлүктү жоюу максатында тестирлөөнүн жооптору сканерленип, банкка  сактоого берилди. Бул дисктерде баардык абитуриентдин жооптору бар. Эгер чыгарылган жыйынтыктарга ата-энелер макул болбосо, биздин борборго келип  текшерте алат. Ошондой эле аты-жөнү тура жазылбай калса тактап тууралап бере  алабыз".

Быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миңден ашык окуучу катышты. Дагы экинчи топтогу тестирлөөгө 1000дей абитуриент катышат. Тесттин жыйынтыктары 25-июнга чейин чыгарылып аймактарга жиберилет.   Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору директору Инна Валькова буларды кошумчалайт:

«Өткөн жылга салыштырмалуу  тестирлөө жакшы өттү. Анткени биз  жаңы  техникаларды, ыкмаларды колдондук. Мисалга темир детекторлорду пайдаланып  окуучулардын тестке телефон алып киришине бөгөт кое алдык. Ал эми телефон менен  кирип кармалгандар четтетилди. Бирок буга чейин телефон менен кармалгандарга  салыштырмалуу азырак болду». 

Ал эми өткөн жылы болсо Жалпы республикалык тестирлөөгө 53 миңдей окуучу катышып, алардын орточо көрсөткүчү 114 балл болуп, 4130 абитуриент гранттык орундарга кабыл алынган.

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»