Жаңылыктар
Парламенттин көпчүлүк коалициясы Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдоду - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Парламенттин көпчүлүк коалициясы Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдоду - Кыргызстан жаңылыктары

 

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Кубатбек Боронов башында турган өкмөттүн курамын жактырды. Коалиция мүчөлөрүнүн баары колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок. Эми өкмөттүн жаңы курамы парламенттин кароосуна киргизилет. Алдын ала маалымат боюнча, 17-июнда, жалпы жыйында каралат. 

Өкмөттүн жаңы курамы: Премьер-министрликке Кубатбек Боронов сунушталды. Биринчи вице-премьер-министрликке экс-депутат, "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Алмазбек Баатырбеков, Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыевдин ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы статс-катчысы Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Дастан Догоевдин ордуна Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Өкмөттүн калган мүчөлөрү өзгөрүүсүз калды.