Жаңылыктар
Парламенттеги коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактырды - Кыргызстан жаңылыктары
Саясат
Парламенттеги коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактырды - Кыргызстан жаңылыктары

Бүгүн парламенттеги коалициялык көпчүлүк өз отурумунда өкмөт башчы кызматына сунушталып жаткан Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын колдоду. Эске салсак, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу кечээ арыз жазган. Өкмөт башчынын отставкасын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кабыл алып, жарлыкка кол койду.