Жаңылыктар
УКМК: "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды - Кыргызстан жаңылыктары
Коррупция
УКМК: "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды - Кыргызстан жаңылыктары

Унаа жана жолдор министрлиги Кыргызстанда эң коррупцияланышкан мекемелердин сап башында тураары дагы бир тастыкталып отурат. Кыска аралыкта тармакта эки ири коррупциялык схема ачыкка чыкты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан кыргыз темир жолундагы коррупциялык схема аныкталып, бул ишке шектүү катары “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы директору баш болгон кызматкерлер менен жеке ишкер да кармалды. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жол-транспорттук көзөмөл жүргүзүүдө коррупциялык схеманы ачыкка чыгарган. Анын натыйжасында Бишкек - Ош автожолдор дирекциясынын жооптуу 12 кызматкери кармалган.