Жаңылыктар
Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүндө “Санарип аймак” долбоору ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүндө “Санарип аймак” долбоору ишке кирди - Кыргызстан жаңылыктары

“Санарип аймак” долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында ар бир айылда санарип кызмат көрсөтүүлөр уюштурулат. Долбоор Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүндө да ийгиликтүү иштеп жатат. Лебединовка айылынын тургундары эми мекемеден мекеме кыдырып, убара тартпайт. Бардык кызмат көрсөтүүлөрдү “Бирдиктүү терезе” тутуму аркылуу бир гана жерден алууга болот. Ал айыл өкмөтүнүн кеңсесинде уюштурулган. Документ даярдоо, салык төлөө сыяктуу иштерди аткарууда бири адистерге кайрылса, дагы бири терминалды пайдаланат.