Жаңылыктар
Батукаевдин иши боюнча сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышты - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Батукаевдин иши боюнча сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышты - Кыргызстан жаңылыктары

Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү улантылды. Сотто тараптар жарыш сөзгө чыгышты. 

“Батукаев ишиндеги” айыпталуучулардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевдин “Коррупция уюштуруу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап мүлкүн конфискациялоо жана наам, сыйлыктарынан ажыратуу менен 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ушундай эле жазаны мамлекеттик айыптоочулар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева үчүн да сурады.