Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда модернизациялоо иштери бүткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда модернизациялоо иштери бүткөрүлөт

Кыргыз-казак чек арасындагы төрт өткөрүү пунктун модернизациялоо иштерин үстүбүздөгү жылдын август айына чейин жыйынтыктоо керек. 

Мындай тапшырманы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мекеме жетекчилерине  тапшырды. Бул иштин алкагында «Актилек-Автодорожный» өткөрүү пунктундагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кошумча көпүрөнү куруу маселеси иштелүүдө. Ошондой эле  өкмөт Талас жана Ысык-көл облустарында эки жаңы фитосанитардык лабораторияны курууну пландап жатат. Бул багытта ишти жандантууну талап кылган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар иштемейинче, экспорттуу жакшыртуу кыйынга турарын белгиледи.

Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, жакынкы арада Бишкектеги ветеринардык лабораторияны капиталдык реконструкциялоо жана Ошто жаңы лабораторияны куруу боюнча иш башталмакчы.

М. Абдраманова, “Биринчи  радио”