Жаңылыктар
Түндүк Корея Түштүк Корея менен байланыш кеңсесин жардырып жиберди
Дүйнө
Түндүк Корея Түштүк Корея менен байланыш кеңсесин жардырып жиберди

Түндүк Корея 16-июнда Түштүк Корея менен чек арадагы Кэсон шаарындагы байланыш кеңсесин жардырып жиберди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын «Рёнхап» маалымат агенттиги өкмөттөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Эки өлкө ортосундагы кеңсе 2018-жылы сентябрда ачылган. Анда Түндүк жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү күнүнө эки жолудан жолугушуу өткөрүп келишкен. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери жеке жолугушуулардын ордуна телефондук сүйлөшүүлөр болуп турган.

Өткөн жумада Пхеньян кошуна өлкөгө качкан диссиденттер үгүт баракчаларын жөнөтүп жатышат деп нааразылыгын билдирип, Сеул менен бардык байланыштарды үзөрүн эскерткен. 8-июндан тартып Түндүк Корея кеңседеги телефон чалууларга жооп бербей калган.

Күн мурун Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги өлкө армиясы Түштүк Кореяга каршы “болгон аракетин көрүүгө толук даярдыгын”, демилитаризациялык тилкелерге кайтууга чейин барышарын жазган.

16-июнда Түштүк Кореянын аскерлери жогорку даярдыкка келтирилди.