Жаңылыктар
Ош: коомдук жайларда, унаада бет капсыз жүргөндөргө чара көрүлөт - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Ош: коомдук жайларда, унаада бет капсыз жүргөндөргө чара көрүлөт - Кыргызстан жаңылыктары

Ош шаарында мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат бериле баштагандан бери райондордон шаарга келгендер көбөйдү. Натыйжада коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны да өстү. Бул туурасында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди. 

Оорунун жайылышын ооздуктоо максатында, калаа бийлиги санитардык талапты күчөтүүгө өткөнүн айтты. Коомдук жайларда, унаа каттамдарында бет капсыз жүргөндөгө олуттуу чара көрүлөт. Тартипке кайдыгер караган мекеме-ишканаларга айып салынат. Бүгүнкү күнгө карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти. Мунун 87иси дарыланып жатса, 187иси айыгып үйлөрүнө чыгарылган. Оорудан алты жаран каза тапты. Шаардагы 7 муниципалдык аймакта бирден мобилдүү топ иш алып барууда. 

Аталган калаада вирустун 84 очогу табылган. Эми бул аймактардын тургундары толугу менен карантинге алынмай болду. 1200 ишкана текшерилип, андан 450 миңден ашык айып чогулган. Базар, соода жайлары менен бирге 11 бала бакчанын иштөөсүнө уруксат берилген. Буга чейин карантинге алынган Ош шаардык төрөт үйүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, жакынкы күдөрү анын иши жанданаары болжолдонууда.

"15-16-июнь күндөрү аныкталган учурлар тартипти катаалдатууну талап кылууда. Көчөдөн жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Бул абдан кооптуу, ошондуктан барыңыздар өз ден соолугуңарга этият болгула. Оору кеткен жок, арабызда жүрөт. Тартипти так сактагыла", - деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев.