Түркия Германиянын кадамын сынга алууда. Немис парламенти Бундестагтын 1915-жылдагы армяндарга байланыштуу окуяны “геноцид” деп таанышы эки өлкөнүн алакасына, айрыкча качкындар маселеси боюнча кызматташтыгына кандай таасирин тийгизет деген суроого жооп издегендер арбын? Анкара Германиядагы элчисин чакыртып алып, Берлинге тиешелүү жооп болоорун эскертүүдө.
Бундестаг Анкаранын нааразычылыгын жараткан резолюцияны 2-июнда кабыл алган. Муну менен Германия 1915-жылдагы окуяны “геноцид” деп тааныган 29-өлкө болду. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Берлиндин кадамын сынга алды.
“Бул чечим тарыхчылар да, укукчулар да макулдаша албаган темага байланыштуу кабыл алынды. Түрк улуту үчүн бул кабыл алынгыс жана эч кандай күчкө ээ эмес. Бундестагдын бул чечими Түркия менен Германиянын алакасына доо кетирүүдө. Бирок, бир нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Парламенттеги 650 депутаттын 250сү гана добуш берүүгө катышты. Биз муну армян таасиринин алдында жол берилген ката деп эсептейбиз жана ал кайра оңдолушу керек. Тарыхчылар бул маселени иликтеп, талдап, чекит коюшсун. Ошондо гана Түркияга суроолор аз болот”.
Германияда жашаган түрк улутундагылардын саны 3 миллиондон ашуун. Диаспора өкүлдөрүнүн арасында депутаттык кызматты аркалап, Бундестагда активдүү иш алып баргандар бар. Бирок алар парламенттин чечимине каршы чыгышкан жок. Ошентсе да Германиядагы түрк тектүү жарандардын нааразычылыгын күтпөй коюу мүмкүн эмес эле. Алар Түркиянын желегин көтөрүп көчөгө чыгышты.
“Эч нерсени билбей туруп, депутаттар мындай саясий чечимди кантип кабыл алышты. Эми кийинки муундар, биздин урпактарыбызга анын кесепети тиет. Чечимди кабыл алууну эл аралык трибуналга гана калтырыш керек болчу”.
Германиянын парламенти маселени окуянын 100 жылдыгына карата былтыр апрелде эле карамак. Бирок, немис өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги Анкара менен мамиленин үзүлүп калышынан чоочулап, аны артка кайтарууга жетишкен. Эми талаш-тартыш качкындар маселесинде акырындык менен мунаса табыла баштаган учурда жаралып отурат. Эл аралык талдоочулардын баамында эң чоң түйшүк Германиянын аткаруу бийлигине жүктөлүп калды. Өлкөнүн Федералдык канцлери Ангела Меркель кызматташтык үзүлбөйт деп үмүт артат.
“Айрым маселелерде орток пикир болбогону менен бизди достук жана стратегиялык байланыш бириктирип турат. Германиядагы 3 миллиондон ашуун түрк жарандарын унутууга болбойт”.
Өткөн кылымда болгон окуяны “армян геноциди” деп эң алгачкылардан болуп 1965-жылы Уругвай тааныган.
Калыгул Асамбаев, «Биринчи радио»