Жаңылыктар
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркия визасыз мигранттарга чектөө киргизди
Дүйнө
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркия визасыз мигранттарга чектөө киргизди

Коронавирус пандемиясы жана аба каттамдарынын токтотулганына байланыштуу Түркиядагы чет өлкөлүк жарандардын визасы же туруктуу жашоо үчүн уруксаты мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо, өз өлкөсүнө туруктуу аба каттамдар кайрадан башталганда Түркиянын аймагынан бир ай ичинде чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Анкарадагы элчилик маалымдады.

 Ал эми виза эрежесин бузган чет өлкөлүктөр Түркиядан чыгып жатканда ири өлчөмдө айып пул төлөөгө мажбур болушат. Буга чейин Түркиянын Транспорт министрлиги 22-июндан тарта Стамбул - Бишкек аба каттамы ачыларын кабарлаган. Бирок кыргыз тарап аба каттамдарынын ачылышы тууралуу расмий маалымат бере элек. Түркияда 30 миңдей кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуусу Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда иштеп, окушат.