Жаңылыктар
Ата-энелер үчүн "Санариптик тарбия" аталган вебинар өтөт - Кыргызстан жаңылыктары
Билим
 Ата-энелер үчүн "Санариптик тарбия" аталган вебинар өтөт - Кыргызстан жаңылыктары

Онлайн университети платформасынын Балдар жана ата-эне лабораториясы бүгүн саат 15:00дө "Санариптик тарбия" аттуу вебинар өткөрөт. Анда ата-энелер санариптик тарбиялоо чечимдерин кабыл алуудагы, санариптик тарбиялоодогу үч негизги мамиле жөнүндө тажрыйбалар менен бөлүшөт. Вебинардын спикери Онлайн университеттин демилгечи тобунун мүчөсү, медиа эксперт Элира Турдубаева болот. 

Эске салсак, Онлайн университеттин окутуу усулдары лабораториясы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн сабак өтүү жана сынактарды уюштуруу боюнча бир катар вебинарларды акысыз өткөрүп, жаңы усулдарды үйрөтүп келет.