Шейшемби күнү Пекин калктын ден соолугуна медициналык тез жардам көрсөтүү деңгээлин чыңдады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги шаардык бийликке шилтеме берип билдирди.
Бул чара бүгүн эртең менен күчүнө кирди. Ага ылайык, шаардагы башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында сабактар убактылуу токтотулду. Мындан тышкары, Кытайдын башка аймактарындагы туристтик топтордун Пекинге баруусуна тыюу салынды.
Эпидемиологиялык абал кооптуу делген аймактардын жашоочуларына шаардан чыгууга бөгөт коюлду. Шаарда маданий, көңүл ачуучу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтотулду. Өткөн аптада Пекиндин түштүк Фэнтай районундагы “Синьфади” базарында 100дөн ашык жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын көпчүлүгү базарда соода кылган кызматкерлер болгон.