Авиабилеттердин кымбат болуп жатканы элдин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтылды. Аталган фракция күн тартибинде өлкөнүн Жарандык авиациясынын абалы менен таанышты. Анда эл өкүлдөрү «Пегасус» жаңы иштеп баштаганда ички учууларда билет баасы миң сом болгон. Азыр болсо барып келгенин биригим 5 миң сомду түзүп жатат деп билдирди.
Эл өкүлү Салайдин Айдаров бир катар авиакомпаниялардын “кара тизмеден” чыгуусуна тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын айтып сынга алды. Ошондой эле депутат өлкө ичиндеги каттамдар: Бишкек-Ош, Бишкек-Баткен каттамдарына авиабилеттердин баасы асмандап кеткенин айтты. “Түрктөрдүн “Пегасус” компаниясы иштеп баштаганда билеттер 1 сомго түштү эле. Азыр болсо барып келгенин биригим 5 мин сомду түзөт. Бааны ким көзөмөлдөйт”- деди.
Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев депутаттын суроосуна күйүүчү майдын жана учак тетиктеринин кымбат болуп жаткандыктан баалар көтөрүлдү деп жооп берди. Бирок агенттик кандай жол менен болсо да 5 миң сомдон жогору кымбаттоосуна жол бербейт.
“Өлкөдө пенсиянын орточо өлчөмү 4,5миңдин тегерегинде болуп турганда пенсионерлер жана колунда жоктор кантип учат? Андыткан эл аралык рейстерге чыккан авиакомпанияларга ич ара каттамдарга чыгып туруусун милдеттендирүү зарыл”- деп кошумчалайт депутат Салайдин Айдаров. Кесиптешинин сунушун эл өкүлү Данияр Толонов колдоп, бааларды көзөмөл кылган Монополияны жөнгө салуу агенттиги иштебей жаткандыгын айтты.
Парламентарийлер андан сырткары балдар үчүн өзүнчө билеттер сатылбай жатканын эске салды. Көп учурларда кардарлар ар кандай шарттар менен учпай калса билеттер кайтарылып берилбей жатканыдыгы да айтылды.
С. Идирисов, “Биринчи радио”