Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт курамын бекитти - Кыргызстан жаңылыктары
Саясат
Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт курамын бекитти - Кыргызстан жаңылыктары

Жогорку Кеңеш бүгүн, парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти. 

Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоду. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Баатырбеков бекиди. Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди. Башка вице-премьер-министрлер министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды. 

Жыйында Боронов мурдагы премьер-министрдин «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтты. Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон.