Жаңылыктар
Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн санарип платформасы иштеп жатат - Кыргызстан жаңылыктары
Ден соолук
Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн санарип платформасы иштеп жатат - Кыргызстан жаңылыктары

Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн санарип платформасы иштеп жатат. Мындай ыкма аралыкты сактап, бейтаптын да, дарыгердин дагы убактысын үнөмдөйт.

72 жаштагы Николай Щетниковго дарыгерге барып көрүнүү бир топ түйшүк жаратчу, бейтапканага келип каттоого туруп, кезек күтмөй машакаты бар эле. Мунун баары бир топ убакытты алат, кээде дарыгер кабыл алууга үлгүрбөй калган күндөр болгон. Электрондук жазылуунун аркасы менен маселенин баары чечилди. 

Онлайн жазылуунун ыңгайлуулугун дарыгерлер дагы сезип жатат. 18 жылдык эмгек тажрыйбасы бар дарыгер Адахам Махмадиев түзүлгөн шарт баарын жөнөкөйлөштүргөнүн билдирет. Ал адамдар ортосунда байланыш болбосун деп убакыттан аралыкты сактап, күнүнө 20га жакын бейтапты кабыл алууда. 

Саламаттык сактоо тармагында санариптин кеңири жайылышына КОВИД-19 да түрткү болду. Жарандарды аралыктан кабыл алуу жугуштуу илдеттен сактайт. Дагыгерге онлайн жазылуу үчүн жөнөкөй эле бир нече кадамдарды жасоо зарыл. 

Бейтап электрондук жазылуудан кийин дарыгерге кириш үчүн каттоо бөлүмүнөн дүмүрчөк алат. Ошондой эле, телефон чалуулар да катталат. Ошондон улам ооруканаларда узун кезек күткөн адамдар дээрлик жок, бир нече адам кабыл алууга келишкен. Алсак, №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда июнь айынын башынан бери 5 миңден ашык электрондук жазылуу болгон.