Жаңылыктар
Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды - Кыргызстан жаңылыктары
Саясат
Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды - Кыргызстан жаңылыктары

Бүгүн ошондой эле Өкмөт үйүндө Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды. 

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге жана жалпы Өкмөткө ийгилик каалады. Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, көпчүлүк коалицияга кирген Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери - Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.