Жаңылыктар
Кубатбек Боронов жетектеген жаңы өкмөт курамы - Кыргызстан жаңылыктары
Саясат
Кубатбек Боронов жетектеген жаңы өкмөт курамы - Кыргызстан жаңылыктары

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн министрлер кабинетинин жаңы курамын дайындоо тууралуу жарлыкка койду. Ага ылайык төмөндөгүдөй дайындоолор болду: 

Премьер-министр Кубатбек Боронов;

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков; 

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев; 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова; 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.  

Ошондой эле өлкө башчысы өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка колду. 

Ага ылайык дайындоолор: 

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министри болуп Таалайбек Темиралиев;

Тышкы иштер министри болуп Чынгыз Айдарбеков;

Ички иштер министри болуп Кашкар Жунушалиев; 

Юстиция министри Марат Жаманкулов; 

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева; 

Экономика министри Санжар Муканбетов; 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев; 

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов; 

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров; 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков; 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов; 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов; 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев; 

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев; 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов;

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов. 

Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен Самат Кылжыев Өкмөттүн Аппарат жетекчиси кызматынан, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошотулду.