Жаңылыктар
Кыргызстан-Казакстан: мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды
Саясат
Кыргызстан-Казакстан: мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. 

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, Аскар Мамин Кубатбек Бороновду өкмөт башчы болушу менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана эки мамлекеттин башчылары ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулады.