Жаңылыктар
Барымтага алынып, моюнуна бычак жеген аял комада - Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш
Барымтага алынып, моюнуна бычак жеген аял комада - Кыргызстан жаңылыктары

Чогуу жашаган кишиси барымтага алган аял бычак жеп, комада жатат. Бул туурасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. 

Анын айтуусунда, аял моюнга, далыга жана башка жерлерине бир нече ирет бычак жеген. 17-июнда, 20:00дөр чамасында Ден Сяопин көчөсүндөгү ашкананын ичинде 36 жаштагы эркек киши чогуу жашаган аялын барымтага алып, бычак менен коркуткан. Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Жаанбаев барган. 

Ал эркек киши менен сүйлөшүүгө аракет кылып, майнап чыкпаганда аны спорттук ыкма менен куралсыздандырган. Кармалган киши Биринчи май Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кармалган киши тергөө абагына киргизилгенин айтып, ага карата "Адамга өлтүрүү үчүн кол салуу" беренеси боюнча иш козголгонун билдирди