Жаңылыктар
Тосмо арызды алып салуу мыйзам долбоору биринчи окууга талаш менен жөнөтүлдү
Саясат
Тосмо арызды алып салуу мыйзам долбоору биринчи окууга талаш менен жөнөтүлдү

«Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттин 18-июндагы жыйынында кызуу талкууланды.

Документ жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылышын камсыздоону максат кылат.

Депутат Зиядин Жамалдинов, Камчыбек Жолдошбаев, Махабат Мавлянов демилгени колдобой, чатакташкан тараптардын бири-бирине кечирүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин айтышты.

Башка эл өкүлдөрү Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Евгения Строкова, Наталья Никитенко баштаган депутаттар долбоорду колдоого алып, бул зомбулукка кабылган адамдарды коргоо үчүн зарыл экенин билдиришти.

Мыйзамдын жалгыз демилгечиси, депутат Исхак Пирматов өзү азыркы мыйзамга ылайык тосмо арыз жазылса, зомбулук көрсөткөн киши камалбай калып жатканын, долбоор ошону алдын аларын айтты. Мындан кийин мыйзам долбоору биринчи окууга жөнөтүлдү.

Сузак районунда аялды мойнуна таш салынган дөңгөлөк илип, башынан ылдый чака менен суу куюп, жаакка койгулап жаткан адам түшүрүлгөн видео коомчулукта катуу сындалып жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.