Жаңылыктар
Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада сакайып кетишин каалады
Саясат
Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада сакайып кетишин каалады

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишине тилектештигин билдирди. Кыргызстандын Президенти ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи. Ошондой эле, жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоодогу бергелешкен аракеттер, экономиканы колдоо маселелери боюнча да пикир алышты.