Жаңылыктар
Жекшемби күнү кыргызстандыктар күндүн тутулганын көрө алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Жекшемби күнү кыргызстандыктар күндүн тутулганын көрө алышат

21-июнь, жекшемби күнү, кыргызстандыктар тутулган күндүн жарымын көрө алышат. Time and Date порталынын жазганына караганда, Бишкектин жашоочулары үчүн бул көрүнүш 2 саат 49 мүнөткө созулат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:12де башталып 14:01де аяктамакчы. Эң жогорку чегин 12:35де күтүүгө болот. Шакек сымал фаза 38 секундага созулганы менен Кыргызстанда ал көрүнбөй турганы айтылды.

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-июнда өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын болбойт. Күнгө байкоо жүргүзүү үчүн эң жакшы жерлер Кытайдын түштүгүндө, Индиянын түндүгүндө, Пакистандын түштүгүндө, ошондой эле айрым Араб жана Африка өлкөлөрүндө экендиги кошумчаланды. Астрономдор тутулууну фильтр менен байкоону эскертет. Бул ирет тутулуу эң узак күнгө туш келет. Ошол эле күнү ай жаңырат.