Жаңылыктар
Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү териштирүү өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү териштирүү өттү

Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү териштирүү болду. 

Кезектеги отурумда эксперттер тарабынан экспертизанын корутундусу менен таанышууга убакыт берүү жөнүндө өтүнүч келтирилип, ал сот тарабынан канааттандырылды. Кийинки отурум 19-июнда улантылат. Бул иште фигуранттын бири Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Эльвира Жаркеевага айыптоочу тарап "кылмыштуу топ менен келишип алып, чет элдик инвесторлорго таандык мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган" деген кине коюуда. 

Иши сотко өткөн алты адам "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.