Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кийинки отурум 22-июнда өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Кийинки отурум 22-июнда өтөт

Жогорку сотто Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өттү. 

Отурумда мамлекеттик жактоочу Карабаев азырынча ал Сапар Исаковду коргоого кирише албай тургандыгын билдирди. Сот жактоочу ордерин көрсөтпөгөнүн айтып, ордер көрсөткөндөн кийин жактоочуда соттук ишке киришүүгө укугу пайда болорун эскертти. 

Сот билдиргендей, айыпталуучу өзү жактоочудан баш тартса да сот ага жактоочуну дайындап бериши керек. Отурумда түшүнүксүз абал жаралгандыктан соттук коллегия 22-июнга жылдырылды.