Кыргызстан 2010-жылы парламентаризм жолун тандап алды. Албетте бул чечим деле кокусунан чыга калган жок. Илгертеден ийри отуруп түз кеңешкен эл жакшылары курултайда орчундуу маселелерди чечкени маалым. Парламенттик башкаруу системасы түпкүрүндө дал ошол кеңешип кескен бармак оорубайт деген таамай сөзгө байланып турат.
Парламенттик системага түшкөнү баары өз оордуна келди деп айтуу азырынча эртелик кылат. Бирок системанын айрым бир жемиштерин өлкө көрө баштады. Серепчилер анын бири катары саясий атаандаштыктын пайда болгонун айтышат. Бул өз кезегинде саясий партиялардын жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө, жарандардын маселелерин тезинен чечүүгө түртүп жатат.
Бирок татыктуу саясий элитаны тандап алуу жагы азырынча анча колго алынбай жатканы ачуу чындык. Шайлоо алдында курулай убадалар менен акча таратмай адаты калбай, ага алданып жаткандар азайып кете элек. Ал аз келгенсип, ким болсо да биздин бала деген жердешчиликтин айынан, депутаттык төш белгини тагынгандардын арасына акылынан биринчи акчасы барлар кошулуп кетип жатканын тануу кыйын. Кыскасы эл кимди тандаса ошолор Жогорку кенеште болобу же жергиликтүү кеңеште болобу иштеп жатышат.
Өлкөдө алгачкы жолу парламентаризм күнү белгиленди. Бул датага арналган салтанат Жогорку Кеңеште өттү. Кыргызстанда парламенттик системаны тереңдетүүгө салым кошкон коомчулуктун өкүлдөрү, депутаттар төш белгилер жана КМШнын парламенттер аралык кеңешинин ардак баракчалары, ордендери менен сыйланышты. Сыйлыктарды төрага Чыныбай Турсунбеков тапшырды.
Олуттуу көйгөйлөрдү кереге кеңеште, курултайда талкуулап чечкен абалкы кыргыз үчүн өкүлчүлүк кеңештер орчундуу орунду ээлеп келген. Мындан улам толкуган эл бийликтин бир колго топтолушуна, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга эки жолу каршы чыкты. Өлкөнүн өзгөрүүгө карай бет алышына апрель революциясы эшик ачты. Ошонун жыйынтыгы менен алты жыл мурда Кыргызстан парламенттик системаны орнотту.
Бирок элдик бийликтин чыныгы жемишин көрүү үчүн албетте алты жыл аздык кылат-дейт депутаттар. Саясий маданият менен саясий элитанын деңгээли кадимки саясий күрөштө жогорулайт. Ошондо гана парламентаризм жаңы сапат менен салтка ээ болот. Бирок түшүнбөстүк, талаш-тартыштарга жакалашып, кайым-айтышууга чейин барса да Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы парламенттик системага алгачкы чыйырды салып берди.
Парламент саясий маселелердин күнгөй-тескейин талдап, бир чечимге келүүчү аянтчага айланды. Талаш-тартыш маселелер көчөдө чечилбей палатанын талкуусуна чыгарылат. Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк менен парламенттик оппозициянын өкүлдөрү бар. Серепчилер эл аралык коомчулук Кыргызстанда парламенттик башкаруу оң жыйынтыгын берип, өзүн актады деген баасын берип жатканын белгилейт. Бирок кептин баары анын сапатында дейт талдоочулар.
Өмүрбек Текебаев сыяктуу эле талдоочулар да мыйзамдарга толуктоо киргизүү менен мүчүлүштүктөрдү жойсо болот деген ойдо. Айрым серепчилердин баамында тигил же бул талапкердин дараметине жараша добуш берилгенде парламентке чыныгы элдин көйгөйүн чечкендер келмек. Кандай болгон күндө да Кыргызстан Борбор Азия чөлкөндө парламенттик башкаруу системасын орноткон алгачкы өлкө. Жаңы саясый элита тапталып келе жатат. Эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да кыска аралыкта Кыргызстан өнүккөнүн баамдаганын ырастаган. Жаңы өзгөрүүгө парламенттик башкарууну кошкон салымы зор.