Жуманын ортосунда Ошто эки күндүк этно фестиваль өттү. Маданий багыттагы ири иш чарада, уздардын колунан чыккан буюм тайымдарды, дизайнерлердин эмгектери койулду. Аны менен иш чарага келгендерге 16 саат бою этникалык музыка жаңырып турду. Анан албетте Кыргызстанда жашап жаткан улуттардын дасторкону жайылып, келгендер улуттук тамак аштардан ооз тийгенге мүмкүнчүлүк болду.
Фестивалдын алкагындагы этношаар көчөсү. Бул көчө өткөн кылымдагы Ош шаарынын көчөлөрүндөй кылып жасалган. Көчөдө наабайкана, устаканалар орун алып, комузчулар менен керней-сурнай тарткандар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, кызуу бий менен коштолду. Ал эми Кара-Суу районунун келген дарчылар өз өнөрүн 45 жылдан бери атадан балага мурас катары өтүп келе жатат. Дарчылардын өнөрү кызыктуу оюну менен көпчүлүктү өзүнө тартты.
Лейлек районуна келген уз-чеберлер унутта калып бараткан таар согууну эске салды.Учурда өздөрү сокктон таарды, үй ичине төшөп колдонуп келишет.Чанда кездешкен бул өнөрдүн өзүнө жараша түйшүгү бар. Даңкы алыска угулган Лейлек килеми бир гана кыргызстанда эмес, чет өлкөдө да жакшы белгилүү. Мында колдо согулган килемдин 40тан ашуун түрү коюлду. Лейлектен келген Кундуз Ахунова жаштайынан уз-чеберчиликти өздөштүргөн. Ушул күнгө чейин ал 100дөн ашык килем согуп сатыка чыгарып, көбү чет өлкөлүктөрдүн кызуусун артырыргандыктан, сатып алып кетишкен.Учурда бул өнөрдү урпактарына калтыруу аракетин көрүп келет.
Бул ат жабдыктары бир кылым мурда Чоң-Алайда даярдалган. Ээр, басмайыл жана жүгөн, өзгөчөлөнүп жасалгандыктан ушул мезгилге чейин жарактан чыкпай сакталып келет.Бул кыргыздын кол өнөрчулугу канча кылым отсо дагы коонорбой тургандыгын далилдеп турат.
Бул фестивалга коңшу өлкөдөн да келишти.Өзбекстандын Маргалаңынан келген кол өнөрчүлөр, өзбек улуттук атлас матасын токуй турган жыгач станогун ала келишкен.Алар жеринде атлас токуунун жолун жолун көрсөтүп жатышты.
Ал эми “Алымбек Датка” эс алуу багында келген конокторго, бешик бөлөмөй, тушоо кесүү, чач өрүү, сөйкө салуу жана кыз узатуу өңдүү каада салттар көрсөтүлдү. Жаштар фестивалдын алкагында абдан пайдалуу сабак алса боло тургандыгына ынанышты. Фестивалда улуттук музыканын түркүн добушу жаңырды.Токтогул эс алуу багында Ош, Баткен жана Жалал-Абаддан келген фальклордук топтор тарабынан “Этномузыка” жаңырды.
Фестивалды 3 миң жылдан ашык тарыхы бар, Ош шаарында өткөрүүнүн мааниси терең. Байыртадан бери бул шаарда ар улуттун өкүлдөрү байырлап, маданият чогуу өнүккөн. Фестивалдын башкы максаты дагы ошол учурду эске салып эл достугу менен улуттук маданиятты даңазалоо, коомчулук жана туристтер үчүн кызыктуу боло турган эсте калаарлык иш чара өткөрүү болду. Дирекция тарабынан бул фестивалды өткөрүүгө 3 миллион сом жумшалып, жалпы 1200дөн ашык адамдын катышты. Эки күндүк иш чарага калыстык кылган, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын айтымында, фестиваль максатына жетти.
Биринчи этномаданият фестивалынын жыйынтыктоочу бөлүгү борбордук аянтта өттү. Ага вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиева катышып, фестивалдын жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Бул фестивалда ийгилике жетишип элдин алкышына татыгандар 2чи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышканга жолдомо алышат. Оштогу фестивалдын жыйынтыгы чоң программадагы концерт менен аяктады.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118