Жаңылыктар
Сузак районундагы сабалган аял боюнча иш сотко өттү - Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш
Сузак районундагы сабалган аял боюнча иш сотко өттү - Кыргызстан жаңылыктары

Сузак районунда күйөөсү мойнуна дөңгөлөк илип, сабаган аял боюнча иш тергелип, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди. 

Эске салсак, күйөөсү тарабынан кордолгон аялдын окуясын Сузак райондук милициясы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин "Үй-бүлөдөгү зомбулук" беренеси менен каттаган. Ал кайра Жазык кодексинин "Уруп-согуп кыйноо" беренесине которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Шектүү Сузак районунун Бек-Абад айылынын 51 жаштагы тургуну 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Ошол эле күнү сабалган аял тосмо арыз жазып берген. Бул факт Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан толук тергелип, шектүүгө "Уруп-согуп кыйноо" беренеси менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнда соттун кароосуна жиберилгени маалымдалды.