Жаңылыктар
Бүгүн КМШ мамлекеттеринин кеңешинин жыйыны башталат
Саясат
Бүгүн  КМШ мамлекеттеринин кеңешинин жыйыны башталат

Бүгүн, Бишкекте КМШ мамлекеттеринин кеңешинин жыйыны башталат. Ага Казакстандын, Россиянын, Беларусиянын Таджикстандын Молдованын премьер-министрлери ошондой эле Азербайджандын Армениянын Түркмөнстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчыларынын орун басарлары катышаары күтүлүүдө. Жыйындын күн тартибине 22 маселе койулуп, жети келишимге кол койулаары айтылууда. Анын ичинен маалымат алмашуу, энерго тармактары авариялар сыяктуу макулдашууларга да кол койулуусу күтүлүп жатат. Мындан тышкары агро био түрдүүлүктү сактоо боюнча конвенцияга да кабыл алынмакчы.

Аны менен бул маанилүү иш чарага карата Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча айрым мөөнөтөргө төмөнкү жолдор жабылат. Чүй облусунда жайгашкан “Манас” аэропортунан башталып Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүнө чейин келет. Андан кийин Жибек-Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып Манас проспектисине чейин. Андан ары Манас жана (мурдагы Тынчтык) азыркы Айтматов проспектилеринин Жибек-Жолунан мамлекеттик резиденцияга чейин жабылат.

Ошондой эле, Абдымомунов көчөсүнүн Байтик Баатырдан тартып Орозбековго чейин. Мындан тышкары Айтматов проспектисинин мамлекеттик резиденциядан тартып Масалиев көчөсүнө чейин, тагыраагы (Түштүк магистраль). Ошондой эле Масалиев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Сухэ Батор көчөсүнө чейин унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө болот.

Саммиттин алкагында Россия федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин расмий иш сапары да өтөт. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, мунай жеткирүү тармагындагы документтерге кол койулат. Мындан тышкары миграциядагы “кара тизме” маселеси да талкууланат. Белгилей кетсек учурда 180 ми маселеси да талкууланат. Белгилей кетсек учурда 180 миң кыргызстандык бул тизмеде орун алган.

Ал эми 8-июнда Казакстандын премьер-министри Карим Массимовдун расмий визити орун алмакчы. Ал казак кыргыз өкмөттөр аралык кеңешменин жыйынына катышат. Кеңешмеде негизги маселе катары ЕАЭБке кирүүдөгү иш чаралар, жол картасы талкууланмакчы.