Жаңылыктар
Коронавирус инфекциясын жуктурган жаш балдардагы негизги белгилер аныкталды
Дүйнө
Коронавирус инфекциясын жуктурган жаш балдардагы негизги белгилер аныкталды

Кытайда атайын изилдөө жүргүзүлүп, окумуштуулар коронавирус инфекциясын жуктурган жаш балдардагы негизги белгилерди аныкташты. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. 

Наристедеги коронавирустун башкы белгиси - дене табы көтөрүлүп, калтырак басат, андан кийин ичи өтүп, кусат. Ал эми өпкөдөгү көйгөйлөр кийинчерээк пайда болот. Изилдөөгө ылайык, коронавирус жуккан балдардын 76 пайызында, ал эми чоң адамдардын 44 пайызында чыйрыгуу белгиси пайда болот. Ошондой эле балдардын 62 пайызы катуу жөтөлүп, 12 пайызынын ичи өтүп, кусат деп айтылат маалыматта.