Жаңылыктар
Чет өлкөдөн мекендештер келди - Новости Кыргызстана
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдөн мекендештер келди - Новости Кыргызстана

Бишкекке Египеттен 47 жараныбыз келди. Четтен келген мекендештердин арасында эс алууга барып, карантин маалында Египеттен балалуу болгондору да бар. Мекенине кайткандардын ичинен көбү нарсителүүлөр жана студенттер.

Кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда бул жолу Казакстан тарап көмөк көрсөттү. Мекендештер "Air Cairo” авиакомпаниясынын учагы менен Каир шаарынан Алматы шаарындагы аэропортко учуп келип, андан кийин ал жактан Бишкекке атайын унаа менен алынып келинди. Кайтып келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынды.

Якутиядан да 170 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул максатта "Якутия" авиакомпаниясынын чартердик каттамы уюштурулган. Ошондой эле бүгүн Бишкекке Индиядан дагы 10 жарандарыбыз кайтып келди. Сырттан келгенгендер тийиштүү медициналык кароодон өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылды.