Жаңылыктар
"Батукаев иши" боюнча жарыш сөз уланууда - Кыргызстан жаңылыктары
Кылмыш
"Батукаев иши" боюнча жарыш сөз уланууда - Кыргызстан жаңылыктары

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам айыпталууда. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов, Калыбек Качкыналиев бар. Ал эми 13 адам: Динара Сагинбаева, Шамиль Атаханов, Аида Салянова, Зарылбек Рысалиев, Жапар Эрматов жана Ирина Цопова баштаган мурдагы жооптуу кызматтарды аркалап турган адамдар тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Булардын иши өзүнчө тергелип Сверлов раойндук сотунун өндүрүшүнө алынган. Дагы бир шектүү УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев издөөдө.

Буга чейинки отурумда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны Батукаевди абактан бошотууга күнөөлүү деп табууну сотто сунуш кылып, экөөнө тең 15 жылдан жаза мөөнөтүн сураган. Дагы эки айыпталуучуга 13 жылдан жаза берүү өтүнүчү келтирилген. Ошондой эле, мамлекеттик айыптоо Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо жана наам, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.

Батукаевдин ысымы коомчулукта 90чу жылдары баш көтөргөн криминалдык чөйрөдө угулган. Дал ошол жылдары ал уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү адамы катары кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдагы ууру” деген наам алган. Кримтөбөл ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, өмүрүнүн теңин түрмөдө өткөргөн. Бирок ошол өзгөчө коркунуч жараткан адам жети жыл мурун түрмөдөн болуп көрбөгөндөй тездик менен эркиндикке чыгып, коомчулукта Батукаевди ким бошотту деген суроо турган.

Өлкө тарыхында эң чуулгандуу делген бул соттук иш 2019-жылдын октябрынан бери териштирилип келет. Соттогу териштирүү амалдары аяктап, ушул күндөрү жактоочулар жарыш сөздө сүйлөп жатат.

Мыйзамдагы ууруну” ошол учурда дарыгерлер, сот, бийликте турган адамдар “айыккыс илдетке чалдыкты” деп документтерин тууралап качырып жибергени белгилүү болгон.