Жаңылыктар
Коммерциялык эмес уюмдар эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Коммерциялык эмес уюмдар  эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш - Кыргызстан жаңылыктары

Демилгеленип жаткан мыйзам долбооруна ылайык коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Коммерциялык эмес уюмдарга карата кабыл алынган мындай мыйзамдар дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндө иштейт. Алсак, Германия, АКШ баштаган өнүккөн өлкөлөрдөн тартып, коңшу мамлекеттерден Казакстанда да бар. Россия да дал ушундай мыйзамды кабыл алган.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда 4-мартта каралган. Андан бери парламенттик угуулар, талкуулар өттү. Айрым өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү каршы да чыгууда. Алар мындай кадам менен адам укугу чектелет деген жүйөнү келтирип жатышат. Бирок айрым коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү тескерисинче мыйзам бейөкмөт уюмдардын ачыктыгын аларга болгон ишенимди арттырат деген пикирде.

Статистика комитети берген маалыматка таянсак, Кыргызстанда жети жарым миңден ашуун бейөкмөт уюмдар катталган. Алардын басымдуу бөлүгү сырттан каржыланат. Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун мынчалык талкууга алынып жатканы да жөн жерден эмес. Себеби, жаңы мыйзам алардын киреше булагын ачык көрсөтүп, каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт тапшырууга милдеттендирет.