Жаңылыктар
Элет тургундары менен жеке ишкердин талашы - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Элет тургундары менен жеке ишкердин талашы - Кыргызстан жаңылыктары

Мраморное айылынын тургундары жеке ишкер менчик укугуна мыйзамсыз ээ болгон деп эсептешет. Арыз-муңун айткан дыйкандар өстүрүлүп жаткан жер-жемиш, айдоо аянттары аптаптуу ысыкка туруштук бере албайт деп кооптонушууда.

Ишкер Жылдыз Өмүралиева өзү негиздеген “Интерсоюз” жоопкерчилиги чектелген коому көлмөгө 1997-жылдан бери мыйзамдуу ээлик кылаарын айтууда. Быйыл анда балык чарбасын уюштурууну максат кылып жатат. Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүн төгүндөп, суу тартыштыгы жаралбастыгын билдирди. Ал эми азыркы абалда дыйкандар айдоо аянттарына сууну башка жактан алса болоорун белгилейт. Элет тургундарынын артында объектке ээлик кылгысы келгендер бар деп эсептейт.

Эки тарап 11 жылдан бери соттошууда. Бул убакыт аралыгында талаштуу маселе соттун бардык инстанцияларында тогуз ирет каралып, ишкердин пайдасына чечим чыккан. Ишкана менен бирде айыл өкмөтү, бирде дыйкан чарба соттошуп, мындан сырткары жаңы жагдайлар да ишти кайра кароого негиз болуп келатат.