Жаңылыктар
Мекенге кайткан мекендештер. Москва - Бишкек каттамы боюнча 431 адам алынып келинди
Мекендештер
Мекенге кайткан мекендештер. Москва - Бишкек каттамы боюнча 431 адам алынып келинди

Чет өлкөдөн келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери улантылууда. Дем алыш күнү “Аэрофлот” авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Москва - Бишкек каттамы боюнча 431 адам алынып келинди. 

“Манас” аба майданына Москвадан кыргыз жарандарын салган дагы бир учак келип конду. Буга чейин 10 миңден ашык адам келген. Жалпы эсеп менен чет өлкөлөрдөн келгендердин арасында Россиядан алынып келгендер басымдуулук кылат.