Жаңылыктар
Оштун Куршаб айылында социалдык шаарчанын курулушу башталды - Кыргызстан жаңылыктары
Аймак
Оштун Куршаб айылында социалдык шаарчанын курулушу башталды - Кыргызстан жаңылыктары

Оштун Куршаб айылында социалдык шаарча түптөлүп жатат. Ага аймактагы социалдык колдоого муктаж болгон 100 үй-бүлө жайгашат. 

Демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жаткан үйлөр муниципалдык шартта берилет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Курамында соц кызматкер бар комиссиялык топ, үйдү аймактагы көп балалуу, турмуш-шарты оор жана жалгыз бой энелердин муктаждыгына жараша бөлүштүрөт. Шаарчада кыз-келиндер үчүн тигүү цехи, дүкөн, бала-бакча каралган.

"Биринчи кезекте Куршаб айылындагы жардамга муктаждар кабыл алынат, эгер орун ашып калса, коңшу айыл аймактан да кабыл алынат. Тургундар кийин, эгер турмуш-шарты жакшыргандан кийин, башка үй салам же алам, деп өз ыктыяры менен чыгып кетишсе, бул үйлөр кийинки кезекте тургандарга бериле берет",- деди Куршаб айыл аймагынын башчысы Алтынбек Ташиев.