Жаңылыктар
Театрлардын онлайн телефестивалы башталды - Кыргызстан жаңылыктары
Маданият
Театрлардын онлайн телефестивалы башталды - Кыргызстан жаңылыктары

Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын онлайн телефестивалы башталды. Аталган фестивалга 14 театр катышып, Улуу Ата-Мекендик согуш темасын чагылдырган спектаклдерди тартуулашат. Бүгүн алгачкылардан болуп, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын спектакли онлайн режиминде көрсөтүлдү.


Телефестивалдын алкагында биринчилерден болуп оюн көрсөтүү бактысы Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрына буюрду. Алар Бексултан Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келээр” аттуу драмасын сахналаштырып даярдаган спектаклди онлайн көрсөтүп, калыстар тобунун сынанан өттү.