Жаңылыктар
Бет кап тагынууну унутпаңыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Бет кап тагынууну унутпаңыз!

Бишкек шарында коомдук тронспортто бет кап тагынбай жүргөндөр эскертүү алууда. Транспорт башкармалыгынын кызматкерлери айрым аялдамаларда нөөмөттө туруп, коомдук транспортту текшерип жатышат. Эгерде жүргүнчүлөрдө санитардык талаптар аткарылбай, бет кап жок болсо анда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук транспорттон түшүрүлүүдө.

Коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн айрымдарына бет кап тагынууну тушүндүрүү кыйынга турат. 

Ошол эле учурда бет кап тагынып санитардык эрежелерди сактаган жарандар да жок эмес. Алардын бири беш баланын апасы, 7 неберенин энеси Шербет Кочкорова. Анын айтымында өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн бет кап маанилүү. Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган жарандардын санынын өсүүсүнө коомдук транспорттордобет капсыз жүрүү, аралыкты сактабоо себеп болууда дешет адистер. Айдоочулардын айтымында жарандарга түшүндүрүү бир топ кыйын. Анткени алардын кээ бири тушүнбөй уруша кеткен учурлар көп болот. 

Мындан улам Бишкек шаарынын троллейбус башкармалыгы эки жума мурун атайын жумушчу тобун түзгөн. Алар борбордук көчөлөрдүн аялдамаларында нөөмөткө туруп, коомдук транспортто бет капсыз жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бет кап тагынбагандарды коомдук унаадан түшүрүүдө.