Жаңылыктар
Cанариптештирүү калк түйшүгүн жеңилдетүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Cанариптештирүү калк түйшүгүн жеңилдетүүдө

Санариптештирүүнүн алкагында калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, жарандардын ашыкча убаракерчилигин жоюу негизги максаттардын бири болуп саналат. Ала-Бука районунун алыскы Көк-Серек айыл өкмөтүнүн жашоочулары паспорт, туулгандыгы тууралуу же нике күбөлүк жана башка бир катар тиешелүү тактама кагаздарын алууда район борборуна каттабай калышкан. Ал жумуштун бардыгы айыл өкмөттө бүтөт. 

Дүйшөн Жамалдин уулу жубайы экөө нике күбөлүгүн алганы келген. Алар бир ай мурун күбөлүк алуу үчүн арыз менен кайрылышкан. Жаш жубайлар район борборуна барып убара болушкан жок. Кызмат жеринде көрсөтүлүп калганы убаркерчилик менен ашыкча чыгымды кыскартты дешет. Көк-Серек айыл өкмөтү район борборунан 60 чакырымдай алыс турат. 

Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттошторуу кызматы Көк-Серек айыл өкмөтүндө ушул жылдын март айынан баштап көрсөтүлө баштады. Ал жумушту айыл өкмөттүн социалдык бир кызматкери жүргүзөт. Буга чейин атайын окуудан өтүп, документтештирүүнүн тартибин үйрөнгөн.