Жаңылыктар
Ош облусунун айрым райондоруна гуманитардык жардам берилди
Аймак
Ош облусунун айрым райондоруна гуманитардык жардам берилди

Өкмөттүн буйругуна ылайык, боордош Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб жана Лахш райондоруна Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондоруна гуманитардык жардам жиберилди. 

Чоң-Алай районунан Жергетал районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 2000 даана төшөк, 300 куту тазалык каражаттары берилди. Алай районунан Мургаб районуна 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 2000 даана жылуу төшөк, 250 куту тазалык каражаттары жөнөтүлдү. 

Өкмөттүн ушул эле буйругуна ылайык, Оогастандын Чоң жана Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга дагы гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Чоң-Памирге 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 500 даана төшөк, 100 куту тазалык каражаттары, 5 тонна жергиликтүү күрүч, 1250 литр өсүмдүк майы жөнөтүлдү. Ал эми Кичи-Памирге 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну, 500 даана жылуу төшөк, 100 куту тазалык каражаттары, 5 тонна жергиликтүү күрүч, 1250 литр өсүмдүк майы жиберилди.