Жаңылыктар
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучуларга айыптоо актысы угузулду
Кылмыш
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучуларга айыптоо актысы угузулду

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү улантылды. Отурумда прокуратура өкүлдөрү бул иш боюнча айыпталуучулар: депутат Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаевге жана Мээрбек Мискенбаевге айыптоо актысын угузушту. 

Иш убактысы аяктаганына байланыштуу соттук териштирүү 29-июнга жылдырылды. Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишинин соту болууда. Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин бир нече беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.