Жаңылыктар
Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге соттук жараян болуп өттү
Кылмыш
Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге соттук жараян болуп өттү

Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү соттук жараян болуп өттү. 

Кезектеги отурумда сот эксперт Дангиловду суракка алды. Ишке бөлүнгөн убакыт аяктагандыгына байланыштуу териштирүү 23-июнга жылдырылды. Бул иште фигуранттын бири Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Эльвира Жаркеевага айыптоочу тарап "кылмыштуу топ менен келишип алып, чет элдик инвесторлорго таандык мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган" деген кине коюуда. 

Иши сотко өткөн алты адам "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.